Даниялык гезитте Мухаммед пайгамбардын азил сүрөтүн тарткан сүрөтчүнүн айтымында, маселе эмнеден чыкканын ал түшүнбөй, акылынан ажырап жатат. Анын интервьюсу бүгүн Алманиянын "Франкфуртер альгемайне цайтунг" деген гезитинде жарыяланууда жана анын айтымында, ага эки адам телефон чалып, өлтүрөбүз деп коркуткан. Коопсуздук маселелеринен улам анын аты аталбайт жана аны менен кошо сүрөт тарткан дагы 11 адамды азыр полиция коргоого алган.