Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

БУХАРАЛЫК ЖӨӨТТӨР НЬЮ-ЙОРКТО ӨЗ МАДАНИЯТЫН САКТАШУУДА


Мурдакы Совет өкмөтү кыйрагандан кийин миңдеген бухаралык жөөтөр Америкага көчүп кетишкен. Нью-Йорктун четиндеги Квинс шаарчасындагы Бухара жөөттөрү жашаган 108-көчөнү жергиликтүү эл “Бухара Бродвейи” же “Регистан” деп аташат. “Регистандын” көркүн азык-түлүк дүкөндөрү, диний салтка ылайык жөөт тамак-ашын, ошондой эле өзбек жана тажик улуттук тамактарын даярдаган ресторандар ачат.

Нью-Йоркто жашаган жөөттөрдүн жетекчиси Илияс Малаев Советтер Союзу ыдырап кеткенден кийин Америкага көчүп кеткен бухаралык жөөтөрдөн.
Жаңы америкалыктарды изилдеген борбордун эсебинче, Нью-Йоркко 1991-жылдан тарта Өзбекстан, Тажикстандан 40 миң ашуун Бухара жөөтөрү көчүп барышкан.Алардын ичинде Кыргызстандан көчүп кеткен аз сандагы бухаралык жөөттөр да бар.
Борис Сыянов 1990-жылы туулуп-өскөн шаары Дүйшөмбүнү таштап, Нью-Йоркко келген. Үч кыздын атасы. Аялы экөөнүн “Салют” деп аталган рестранды ачышканына 10 жылдын жүзү болууда. Иудей дининдеги Сабаа салтына ылайык, “Салют” Квинстеги башка жөөт ресторандары сыяктуу эле жума күнү саат үчтө жабылып, ишемби күнү саат бешке чейин дем алат. Жөөттөрдүн диний жөрөлгөлөрдүн аткарылышын жана тамактарынын туура даярдалышын жергиликтүү рабин маал-маал көзөмөлдөп турат.
56 жаштагы Саяновдун сөзүнчө, анын үй-бүлөсү динди бекем тутушат:

- Менин кенже кызым динзар жан болгондуктан, мен саббанын ибадаттарын бузбай аткарамбы,- көз салып турат. Кызым адамдардын Кудайга жана сага ишенгени абдан маанилүү, алар ошон үчүн буерге тамак ичкени келишет дейт. Кызым 17 жашта болсо да, биз адамдардын ишениминен чыкпашыбыз керек деп, мага ар дайым сайрап турат. Менин аялым да биздин динибизди тутуп, анын эрежелерин аткарат.

Тарыхчылардын ырасташынча, жөөтөр Бухарага орто кылымдарда Ирандан ооп келишкен жана Кеңеш өкмөтүнө чейин негизинен Бухара эмирлигинде жашашкан. Бирок, эмирлик жоюлгандан кийин Өзбекстан менен Тажикстандын шаарларына чачыладай чачылган.
Нью-Йорктогу Жөөт дөөлөтү музейинин маалыматы боюнча, азыр Борбор Азияда 120 миңдей Бухара жөөтү жашайт.

Белла Бабаханова Квинстин 108-көчөсүндөгү “Шалом” ресторанынын ээси. Беллахандын айтышынча, бухаралыктар Ата журтунун тамагын жакшы билишкендиктен, алардын талабын аткаруу кыйын. Ал эми “чыныгы америкалыктарга” тамак ичкенден да жаңылык менен таанышуу кызык. Ошон үчүн аларды канаатандыруу жеңил. “Нукура америкалыктар” бухаралык жөөттөргө караганда официанттарга чай акыны жоомарт беришет. Америкада калыптанып калган салт боюнча, чай акы тамактын жалпы баасынын 15-20 процентин түзөт.
Ирандык жөөттөр да “Бухара Бродвейине” тамактанганы келишет. Алар бухаралык кандаштарынан айрымаланып, тамакка күрүчтүн түрдүү сортторун пайдаланат жана күрүч тамакты көп жешет.
Белла Бабаханова жалгыз бой болгондуктан, үч кызына өзү- ата, өзү -эне. Ал Нью-Йоркко 1992-жылы келгенден тарта сулуулук салонун иштеткен. Ресторанды ачканына бир жыл толо элек. Эки кызы Беллахандын ресторан ачканына кыйылышып, кайыл болушкан эмес:

–Алар мага “Ресторандын сага эмне кереги бар? Сенин ордун сулуулук салону”,- деп айтышат. Мага болсо, бир эле иштин башка түрүн аткарып жаткандай көрүнөт. Менин кичүү кызым дефектологдун окуусун аяктап жатат. Улуу кызым Манхэттенде көз доктур болуп иштейт. Алар көп акча табышат жана ресторанда иштейбиз деп эзели ойлошпойт.

Беллахандын бул сөзү Нью-Йоркто ресторан ачып, тиричилик кылган бухаралыктарга мүнөздүү көрүнүш. Улуу муун адеп келгенде: тил билбегени, жашы өтүп калганы, таалим-тарбиясы алардын өз кесиптерине жараша иштөөсүнө жолтоо болгон. Жаш муунда андай түйшүк жок.

Ташкендик өзбек Токтосун- “Шалом” ресторанында ашпоз болуп иштейт. Ал самсанын түрлөрүн бышырат. Самса үчүн кадимки очок-тандыры да бар. Ашпоз көзүм өтүп кетсе, менин өнөрүм токтойт деп ичтен кыжаалат. Бирок, ашпозчулук өнөрү үй-бүлөсүн кенен-кесир бакканга мүмкүндүк бергенине ыраазы:

-Мен да Ташкенде ресторанда иштегем. Андан мурда Самарканда инститту бүткөм. Адистигим боюнча тамак аш технологумун. Ташкентте баш ашпоз болуп иштегенмин. Америкалыктарга биздин маданиятыбызды, тамак-ашыбызды көрсөтүү үчүн, алар бизди жакшы билүүсү үчүн мен Өзбекстандан идиш-аяктарды ала келгенмин.

Токтосун же Толянын үч баласына киндиги кесилген Өзбекстанды бир көрсөтүп келсем деген аруу тилги бар. Кээде Толя түшүндө балалыгы өткөн жерлерди көрүп, “Бири кем дүнүйө” деп, өзүнчө кусалыкка да батат.
XS
SM
MD
LG