Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Өмүрбек Текебаев эмне үчүн Коопсуздук кеңештин жыйынына катышпай калды?


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Коопсуздук кеңешинин бейшембидеги жыйына барып, бирок, ага катышууга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Буга анын эки күн мурда Жогорку Кеңеште президентке карата айтылган сөзүнө байланышкан жагдайлар негиз берди. Төраганын пресс-катчысынын маалыматына караганда, коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов жана президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков спикердин отурумга катышпоосун суранып, муну президенттин каалоосу менен байланыштырышкан. Текебаев мындай сунушту кабыл алган. Жыйындын алдында Текебаев жеке таарынычтарды мамлекеттик ишмердүүлүк менен аралаштыруунун кажети жоктугун билдирүү менен, парламентте сүйлөгөн сөзүнө өкүнүчүн билдирди. Ошондой эле Текебаев президент Курманбек Бакиевдин парламентте сүйлөгөн сөзүн депутаттар жума күнү талкуулаарын билдирди. Ушул эле күнү коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов «Азаттыкка» Өмүрбек Текебаевдин коопсуздук кеңешине катышпай калышын анын өз каалоосу катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG