Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Ооганстанда диний аралык араздашуу чыгып, беш адам набыт кетти


Кечээ күнү эртең менен Ооганстандын Герат шаарында куралдуу кагылышуу болуп, кеминде беш адам набыт кетти. Провинция губернаторунун айтымында, кагылышуу - шаар ортосундагы Жами мечитинде уюштурулган провокациядан улам башталган: "Тилекке каршы, Жами мечитине бүгүн бир нече адам кирген. Киргенден кийин алар кыйкырып, шийилер суннилердин жетекчиси Азирети Омари Фарукту шылдыңдап жатышат деп кыйкырган. Чындыгында ал калп болчу. Бул жөн гана провокация", - дейт губернатор. Анын айтымында, өлкөнүн ички иштер министрлиги жана чалгындоо кызматынын агенттери азыр - ал провокация кошуна Пакистан же Иран тарабынан уюштурулганбы деген маселени териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG