Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Карышкырлардын элдин мал-мүлкүнө кол салуусу күчөдү


ЖАЛАЛАБАТ. Кардын калың жаагандыгынан карышкыр, чөө өңдүү жырткычтар элдин бодо мал, кой-эчкисине көбүрөөк тийди. 37 күндүн ичинде 59 бодо мал, 97 баш жылкы, 461 баш кой-эчки, 4 эшек жырткычтардын жеми болду. Жырткыч айбанаттардын саны өспөгөнү менен облустагы аңчылык кызмат 458 карышкыр менен 321 чөөнүн эсебин алган. Аларды азайтуу үчүн аңчылык кызматы менен ыктыярдуу адамдардан 21 бригада түзүлгөн. Мергенчилердин бул тобу кыска мөөнөттө 47 чөө менен 13 карышкырды атып жок кылышты. Жырткыч айбанаттар адамга кол салган фактылар катталган жок. Аларды көбүрөөк жок кылууга аңчылык кызматына ат жана авто унаа каражаттары, күйүүчү май тартыштык кылууда.


Аба ырайы

11-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 11-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймктарында жаан-чачын болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...+5 градус.
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+4 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз +1...+6.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2 градус болот.
Нарында түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1...+1, күндүз +2...+4 градус.

Айданбек Акмат уулу, Чолпон Орозобекова

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG