Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

“Кумтөр” алтын ишканасынын үстүнөн сот жараяны эмки аптада болот


БИШКЕК. “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынан карызды өндүрүү боюнча сотко берилген доо арыз эмки аптада Бишкек район аралык сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков билдирди. 9- февралда аталган канадалык компания доо арыз пошлина төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу Жетиөгүз райондук салык инспекциясына кайтарылды деп билдирген. Депутат Исабеков бул маалыматты четке кагып, мамлекеттик мекеме мыйзам боюнча мамлекеттик пошлина төлөбөйт деп билдирди. Жетиөгүз райондук салык инспекциясы аталган канадалык компания жер салыгын жайыт жер катары төлөгөндүктөн казынага 45 миллион сом кем түшкөн деп Бишкек район аралык экономикалык сотуна кайрылган. Депутат Исабековдун айтымында, Кумтөрдү иштетип аткан компания жер салыгын өнөр- жай обьектиси катары төлөшү керек. “Кумтөр оперейтинг компани” 1994- жылы компания 1070 гектар жерди 15 жылга ижарага алган.

XS
SM
MD
LG