Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Рысбек Акматбаевге прокуратура эскертүү жасады


Премьер-министр Феликс Куловдун дарегине айтылган кордоо сөзү үчүн Рысбек Акматбаевге прокуратура эскертүү жарыялады. Эскертүү Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан ушул жума башында жасалды. Ошол эле мезгилде Бишкек шаардык прокуратурасы Рысбек Акматбаевди толук актаган Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча аппеляциялык арызды шаардык сотко тапшырды. Шаардык прокуратуранын бөлүм башчысы Сайрагүл Кадырованын билдирүүсүнө караганда, учурда Биринчи май райондук сотунда Акматбаевге байланыштуу дээрлик 24 томдук иш иликтенип жатат жана анын негизинде февраль айынын ичинде сотко тийиштүү материалдар берилет.

XS
SM
MD
LG