Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

САПАТЫН ӨЗГӨРТӨ БАШТАГАН «ТҮСТҮҮ ЫҢКЫЛАПТАР». ОРУСИЯДА ЖЫЛЫНА 55 МИҢ КИШИ ӨЗ ЖАНЫН ӨЗҮ КЫЯТ. МАСКӨӨ СУУГУНА КАБЫЛГАН АФРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык маалымат каражаттарынан Кыргызстанда саясий жагдайдын курчуп баратышын талдоого алган жана жылына миллионго чукул киши өз жанын өзү кыюуга аракет кылганын, африкалык студенттердин Маскөө суугуна чыдаш үчүн эмне жасаша тургандыгын чагылдырган макалалар менен таанышасыздар.

Кыргызстанда саясий жагдайды орусиялык анализчилер «баркыт ыңкылаптар» ишке ашкан мурдагы советтик жумурияттар ордунан пайда болгон өлкөлөр башынан өткөрүп аткан жалпы кезең менен катар коюп талдоого алышууда. «Коммерсант» (09.02.2006) басылмасы: «Үчүнчү күч болуп көрүнгүсү келген (Кыргызстандагы – ММ) Жогорку кеңеш, чындыгында биринчи күч болгусу келип, (ошондон улам – ММ) президентти да өкүмөт башчыны да көзүнө илбей, аларды тебейлеп кетти. Бул жердеги бийлик күчтөрүнөн тышкары, чыныгы саясатты алар жазай тургандыгын далилдөөгө аракет кылган - саясатчылар көлөкөсүнөн иш кылган «авторитеттер» делген дагы бир бийлик бар. Мындай жагдай азыркы Кыргызстан тууралуу, бирок жангыз эле Кыргызстан эмес Украина жана Грузияда бар». Андан аркы кебинде басылма бул жумурияттарда ырааттуулук буузулуп ыркы кетүү башталганын талдоого алат. Арты ушундай болот экен анда: «ыңкылап жазоонун канчалык кажети бар эле? Эмне ал, акыры келип Бакиев менен Кулов же Ющенко менен Тимошенко сүзүшү үчүн жазалганбы?» - деп жазат.

Кыргызстанда бийликтегилер жакалашуусу башталганын «Время новостей» (08.02.2006) жазат. 26 январда президент ЕврАзЭс саммитине катышып, Санкт-Петербургда жүргөндө, депутаттар менен министрлер «сен-мендешип» атканда аны басып салуунун ордуна «өзү ал тамашага аралашып кеткен» - деп президент өкүмөт башчыны жемеге алуу болгону айтылат. Кийин жетекчилер жолугушууусу болуп ыраатуулук үчүн алар бир тилекке келишкен жана өкүмөт башчы: «Бакиев – Кулов тандеми бышык бойдон кала берет», - деген деп жазат.

«Алардын ортосундагы кайчылаштыктын башкы маселеси болгон - президенттик – парламенттик түзүлүштөн, мамлекет жетекчисинин укугу кыйла чектелүүчү парламенттик – президенттик түзүлүшкө өтүүчү саясий реформа мөөнөтү тууралуу маселе жымсалданып калгансыды. Албетте, Бакиев президент саясий реформа – ММ) жүргүзүүгө шашылбайт. Кулов болсо ал «тезирээк» керек деп эсептейт», - деп жазат.

Кандай себептен улам биздин атуулдар арасынан орто эсептен алганда 55 миң киши жылына өз жанын өзү кыят?- деген суроо коет «Московский комсомолец» гезити (09.02.2006). Ырасмий булак таркаткан маалыматта жылына өз жанын өзү кыюуга баргандар эсеби миллионго чукулдап барат экен. Суицидге аял, эркек, бала, кары, бай, жарды барат экен. Адистер ошон үчүн бул адаттуу көрүнүштөн алдын ала коргонуу мүмкүн эмес дешет.

Маскөөдөгү суицидологиялык борбор жетекчиси Владимир Войцехтин айтканына караганда: «Кийинки 15 жыл ичи орусиялык жарандар арасынан өз жанын өзү кыюу Европалыктарга салыштырганда алдыга чыккан. Дүйнө боюнча алып эсептегенде 2003-жылы Орусиянын элинин өзүн өзү өлтүрүүсү биринчи орунга чыккан. 2004-жылы ал орунду Литва ээлеген. Кеткен жыл жыйынтыгы азыр чыга элек, бирок анын жаман экенин биз билебиз. Орусияда жанынан кечкендер саны артып барат», - деген профессор Войцех.

Улам кайра жазылып аткан көптөгөн макалалар арасында Маскөөдө Лумумба атындагы университетте окуп атышкан африкалык студенттер суукка кантип көнүшө тургандыгын чагылдырган макала да бар. Ал жерде, университетет жатаканасын тейлегендер сөзүнө шилтеме берилип: «Африка континентинен келишкен студенттерибиз карды алгач көргөндө аябай кубанышат. Бирок анын эртеси эшикке чыккандарынын баары музга тайгаланып жыгылып түшүшөт. Аларды көргөндө калгандары эшикке чыга албай ичте туруп калышат», - деп жазылган ал жерде.
XS
SM
MD
LG