Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Туринде кышкы олимпиада ачылууда


Жыйырманчы kышкы олимпиаданын ачылуу салтанаты Бишкек убактысы боюнча 10-февралдан 11не оогон түнү саат бирге туура келет. Туриндеги стадиондо кышкы олимпиадалык оюндардын отун жагуу салтанына катышары күтүлүп жаткан 35 миң адамдын арасында мамлекет жана өкмөт башчылары да бар.

Мындан сырткары аны телевизордон 2 миллиарддай адам көрмөкчү. Ал эми кышкы олипиадада 82 өлкөдөн 2500дөй спортчу мелдешет. Италия Олипиаданын коопсуздугу үчүн кеңир масштабдагы чараларды көрүүдө. Коопсуздукту камсыз кылууга 15 миңдей адам тартылат. Турин шаарынын үстүнөн граждандык учактардын учуусуна тыюу салынды.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG