Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Косоводо провинциянын жаңы президенти шайланды


Провинциянын башчылыгына бийликтеги партия – Косово демократиялык лигасынан көргөзүлгөн жалгыз талапкер, 54 жаштагы Фатмир Сейдиу келди. Ал маркум, мурдагы президент Ибрагим Ругованын ишин улантууну убада кылды. Ибрагим Ругова өткөн айда алтымыш бир жаш курагында, өпкөнүн рак дартынан улам каза тапкан эле. Азыр Сербиянын бир бөлүгү катары эсептелген Косово провинциясынын болочоктогу статусу боюнча БУУнун ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөр 20-февралда Венада башталат.

XS
SM
MD
LG