Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Орусия палестиналык "Хамас" уюмун Израилди таанууга чакырат


Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн коргоо министри Сергей Иванов билдирди. Анын айтымында, Орусия "Хамастын" лидерлери менен Москвага белгиленген сүйлөшүүлөрдү жакында Палестин автономиясындагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен бул уюмду Израилди таанып, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына көмөктөшүүгө үндөө үчүн пайдаланат.

Орусия президенти Владимир Путин "Хамас" уюмунун жетекчилигин сүйлөшүү үчүн Москвага чакыруу жөнүндөгү ниетин кечээ билдирген.

Израил мындай жаңылыкты кыжырдануу менен кабыл алып, муну "жондон урулган сокку" катары баалады. АКШ жана Евробиримдик "Хамасты" террорчул уюм катары эсептейт. Ал Израилдин жашоого укугун таанып, согушчан саясатын өзгөртпөсө мамиле түзбөсүн билдирген. "Хамас" болсо турумун өзгөртүү жөнүндөгү чакырыктарды четке кагып келүүдө.

XS
SM
MD
LG