Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Ооганстандын диний араздашуу чыккан Герат шаарында полицейлер демонстранттарга ок ачты


Андан кеминде үч киши жаракат алган. Кечээ өлкөнүн батышындагы бул шаарда сунниттер жана шийиттер ортосунда араздашуу чыгып, кагылыштан алты адам өлүп, 150дөн ашууну жаракат алган эле. Диний араздашуудан улам эки мечит да өрттөлгөн. Бүгүн жүздөгөн демонстранттар кечээги кагылышуунун алдын алалбаганы үчүн провинция губернаторунун кызматтан кетишин талап кылышты.

Ооган коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Мохаммед Захир Азиздин айтымында, шаарда тартип орнотуу үчүн өткөн түнү кошумча жүздөгөн аскерлер киргизилген.

XS
SM
MD
LG