Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:29

“ЭРКИН ТЕАТР” ЭРКИНДИККЕ УМТУЛАТ


Минскидеги “Эркин театр” Лукашенко өкмөтүнүн цензурасына, кысымына каршылык көргөзүп келаткан Беларустагы жападан жалгыз театралдык топ. Бир жылча мурун негизделген театрдын чыгармачылыгы менен жакында россиялык көрүүчүлөр да тааныша алды. “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Клэр Бигг театрдын түптөөчүлөрүнүн бири, драматург Николай Халезин менен жолугушуп, аңгемелешкен.

“Эркин театрдын” орус баш калаасындагы спектаклдерин көрүүчүлөр жылуу тосуп алышты. Москвадагы прогрессивдүү театрлардын бири, Мейерхолддун борборунда коюлган оюндар ийгиликтүү өттү.

Арийне, мекенинде “Эркин театрдын” спектаклдарын барып көрүү оңой-олтоң эмес. АКШнын өкмөтү Европадагы акыркы диктатордук мамлекет деп атап жүргөн Беларуста цензураланбаган оюн коюуу кооптуу иш.

Биздин спектаклди көрүү үчүн адегенде атайын телефондун номурун билип, ага чалып, жазылыш керек. Анан шаардын борборунан алыс бир жерге барасыңар. Биздин спектаклдерге эл бир нече ай мурун алдын ала жазылат, билет табуу дээрлик мүмкүн эмес – дейт драматург Николай Халезин.

“Эркин театр” 2005-жылдын март айында негизделген. Халезин жана анын жубайы Наталья Коляда драматургиялык чыгармага конкурс жарыялашып, ондогон өлкөдөн 230дан ашуун пьеса алышкан.
Көп узабай театрдын бет ачары болду. Британиялык драматург Сара Кэйндин чыгармасы боюнча коюлган спектаклде депрессиядан жабыркаган, өзүнүн өмүрүн өзү кыйган адамдар жөнүндө баяндалат. Бул эки тема тең Беларустун өкмөт көзөмөлдөгөн искусствосунда тыюу салынгандардын бири.

Бийликтердин реакциясы өзүн күттүргөн жок. Спектаклдин режиссеру Владимир Шербан ал кезде Минскидеги мамлекеттик театрда ойночу. “Эркин театрдын” бет ачарынан кийин анын маянасы кыскартылып, актер ролдорун аткаруудан четтетилди. Өз имараттарын театрга ижарага берген бар, клубдар да репрессияларга учурады.

Бирок труппанын оюнчуларын мындай чаралар токтото алган жок. Алар корпоративдүү кечелерде, атүгүл, менчик үйлөрдө оюн коюп жүрүштү. Ошентип, бара бара театрдын күйөрмандары Беларуста гана эмес башка өлкөлөрдө да пайда боло баштады. Эр жүрөк артисттерге британиялык драматург Том Стоппард, америкалык жазуучу Артур Копит, Чехиянын мурдагы президенти, драматург Вацлав Хавел өңдүү белгилүү адамдар колдоосун билдиришти.

Азырынча театрдын репертуарында 3 гана спектакль бар. Алардын бири “Биз” деп аталып, Минскидеги Улуттук китепкананын жанында жазылып алынган аңгемелешүүгө негизделет. Аталган имаратты курууну президент Лукашенко өзү көзөмөлдөгөн. Акыркы сценада баштарына саргылт шлем кийген, кара комбинезончон жумушчулар Сократ менен орус философу Алексей Лосевтин кулчулук жөнүндөгү тексттеринен үзүндүлөрдү айтып беришет.
Халезин муну кулчулукка азыркы көз караш деп атайт.

Көпчүлүк бул пьесаны саясий чыгарма деп сыпаттаганы менен, драматург бул терминди колдонууга каршы:

Актерлор, режиссерлор, жана биз, театрдын негиздөөчүлөрү өзүбүздү саясий театр деп санабайбыз. Саясий театр кызыктуу эмес болот. Биздин эстетикалык турумубуз, чыгармачылыктын эркиндигине болгон көз караштарыбыз расмий бийликтикинен айырмалангандыктан, журналисттер, жалпы коомчулук бизди саясий театр деп атап жүрөт. Биз эч кандай саясий идеяны жарыялабайбыз. Биз искусствонун эркиндигин жана чыгармачыл адамдардын моралдык жактан таза болушун жактайбыз.

“Эркин театр” саясий максатты көздөбөсө, анда эмне үчүн ал өкмөттүн, жумшак айтканда, терс мамилесине туш болду?
Халезиндин пикиринде президент Лукашенконун авторитардык режими өз доктриналарын элге таратуу үчүн эстетикалык пайдубал түзө алган жок.
Андыктан бийлик күнүмдүк турмуштун проблемаларын чагылдырган эркин чыгармачылыктан чочулайт.

Диктаторлор түбөлүкө жашабайт. Ар бирибиз тарыхта өз ордубузду ээлейбиз. Ал бир орунду ээлейт, биз болсо бөлөк орунга ээ болобуз.

19-марттагы президенттик шайлоого чейин театр чет өлкөдөгү гастролдорун токтотуп койду. “Шайлоо күнү биздин Беларуста болушубуз маанилүү”, - деп жыйынтыктайт Халезин.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG