ОШ.Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы Алишер Токсонбаевдин сөзүнө караганда, кар көчкүнүн айынан Каракулжа-Алайкуу жолу бүтөлүп, жетимиштен ашуун адам үйлөрүнө жете албай жолдо калышкан. Дагы эки жүзгө жакыны жолдун ачылышын күтүп Ош шаарында турушат. Өз айылы менен он беш күндөн бери байланыша албай жаткандыгын айткан Кызылжар айыл өкмөтүнүн тургуну Бекболот Мажитов бир канча күндөн бери Чоңжер менен байланышы үзүлүп калган 20 миңден ашуун калкы бар Алайкуу өрөөнү ашкере саясатташкан бийликтин кайдыгерлигине дуушар болуп жатат деген оюн билдирди. Ал эми Ош облустук атуулдук коргонуу башкармалыгынын башчысы Сапарбек Эрматов түшкөн кардын чоң көлөмүнөн жана техникалык мүмкүнчүлүктүн аздыгынан улам жолду ачуу кечеңдеп жаткандыгын белгиледи. Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары Мурадыл Бакашов болсо тик учак менен Алайкуу өрөөнүнө жеткирилүүгө тийиш болгон гуманитардык жардам аба ырайына байланыштуу токтоп тургандыгын билдирди. Мындан сырткары Бакашов мырза Алайкуу өрөөнүнүн кар көчкүдөн жабыркаган калкына жардам көргөзүү боюнча коомдук штаб түзүлгөндүгүн кабарлады.
Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 11-12-февраль күндөрү Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун 121-138 жана 197-265 чакырымдарында ошондой эле Алабука, Канышкыя, Каракулжа, Алайку жолдорунда көчкү жүрүшү күтүлөт.
12-февралда күндүз Ысыккөл, Нарын облустарында жаан-чачын болот. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1...-6, күндүз +5...+10 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз +6...+11.
Ысыккөлдө -1...-6, күндүз 0...+5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз +7...+9 градус.
Аманбек Жапаров
Редактор Кубат Чекиров