БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын атуулдарын паспорттоштуруу боюнча министрликтин жана административдик ведомсотволордун иши жөнүндөгү буйрукка премьер-министр Феликс Кулов 11-февралда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анда тиешелүү министрликтер, мекемелер атуулдарга паспортторду берүүнү уюшкандыкта жүргүзүүнү, паспортторду берүү мөөнөтүн календардык 15 күндөн, жалпы атуулдук паспортторду 30 күндөн ашырбай берүү каралган. Ошондой эле буйрукка ылайык атуулдарга паспорт берүү иштери тууралуу маалыматттарды күнүгө өкмөттүн аппаратына жана берилген паспорттор, иштеги проблемалар тууралуу айына өкмөт башчысына маалымат берилип турат.