Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Кыргыз тили гимндүү болду


БИШКЕК. Кыргызстанда Мамлекеттик тилдин гимни кабыл алынды. Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик тилдин гимни бар Түркияда жана Малайзиядан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды. Президент алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынин адистери гимндин кабыл алынышы кыргыз тилинин кадыр- баркын өстүрөт деп эсептешет. Бул конкурска баш аягы 54 акын, 31 композитор катышкан. Мамлекеттик тил гимнинин обону Бакыт Алишеровдуку, сөзү Сейит Алтымышевдики болуп калды.

13- февралга карата аба- ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. 13-февралда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн айрым тоолуу аймактарга кар жаайт. Чүй, Талас, Жалалабат, Баткен жана Ош облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7 градус болот.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6 градус.
Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градус.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз +4...+6 градус болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Чолпон Орозобекова

Редактор Кубат ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG