Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Ө. Текебаевдин отставкасы кайрадан күн тартибине коюлушу ыктымал


БИШКЕК. Келаткан дүйшөмбүдө парламентте спикер Өмүрбек Текебаевдин остсавкага кетүү маселеси кайрадан күн тартибине коюлушу ыктымал. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде, отставка маселеси күн тартибине коюлуп атканда жума күнү айрым депутаттар добуш бербей калганын айтышууда. Депутат Султан Урманаев дагы спикердин отставкасы кайрадан күн тартибине коюлушу толук мүмкүн деп билдирди. Депутаттын айтымында, Өмүрбек Текебаев өзү убадага туруп, кетиши керектигин айтып көшөрүп атат:
- Жума күнү да өзүнчө сүйлөштүк. Кетем деп эле көшөрүп атат. Же бул чечимине жетиштүү негиздеме деле бербейт. Билбейм мен түшүнбөй атам. Убадам бар дейт, кайсы убадасын айтып атат. Булар чоң саясатчылар да, балким өздөрүнчө сүйлөшүп алган го деп ойлоп атам, -дейт Султан Урманаев. Жума күнү спикердин өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча сунушу күн тартибине коюлуп, жетиштүү добуш топтой албай калган. Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев болсо добуш берүү учурунда залда кворум жок деген негиз менен бул маселеге кайрылууну сунуштаган.

XS
SM
MD
LG