Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

ЫЙСА ПАЙГАМБАР ЖОЛУНА ИШЕНИП АНЫ РУХАНИЙ МҮДӨӨ ТУТКАН ЧИРКӨӨ ӨКҮЛҮ МЕНЕН МАЕК


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын ордо калаасында, инжилдик христиан чиркөлөрүнүн биримдиги алдындагы диний Академияда окуп аткан Сүйөрбек Орунбаев менен алдыңкы бейшембиде кабарчыбыз Муса Мураталиев маектешкен.

Кабарчы: - Москвага качан келгенсиз? Качантан бери окуп атасыз?

Сүйөрбек Орунбаев: - Москвага 2004-жылы келгенмин. 2005-жылы окууга жайгашып азыркы убактытта мен 2-курста окуп жатамын.

К.: - Биз азыр сиз окуп аткан Академиянын аталышын кыргызчага которуп көрдүк. Ал инжилдик христиандар чиркөөлөр биримдигинин алдындагы диний жогорку окуу жайы болуп которулат экен. Орусияда диний окуу жайлар көп алардын ичинен силерди инжилдик (Евангелдик – ММ) христиандар деп коюшат экен. Ушунун башка чиркөөлөрдөн айырмасы эмнеде экенин айта кетпейсизби?

СО.: - Ыйсаны, Ыйса машаякты колдоп кеткен адамдарды, Ыйсанын оюн, жашоосун, анын акылмандык менен берген окуусун биз жашообузда дайыма адам баласына таркатышыбыз керек. Бул эң биринчи максат.

К.: - Башка чиркөөлөр деле ошол аяттарды негиз кылып динге таат кылгандарды окутуп атпайбы. Мечитке же чиркөөгө келген кишилерге биз алла тааланын ишин кылып атабыз же беркилер айтат: биз пайгамбардын айтканын элге таркатып атабыз дешет. Андай болгондо сиздердин айырмаңыздар эмнеде болуп калат?

СО.: - Биздин айырмабыз - кудай тирүү. Биздин жашообузду ал дайыма колдоп жүрөт. Жашообузду байытып турат. Кудай тирүү. Ал ар бир адамды угат. Ар бир адам менен мамиле түзгүсү келет. Ар бир дүйнөдө кыйынчылыкты башынан өткөрүп жүргөн адамды өз падышачылыгынын жанына алгысы келет.

К.: - Христиан дининдеги орустар чокунат. Иконун бурчка илип коюп ага сыйынышат. Ислам дининде куран окуп артынан бата кылышат, маңдайын жерге тийгизип намаз окушат. Ушуларга окшогон сиздерде адат барбы?

СО.: - Зыярат адат бизде жок. Эмне үчүн дегенде, кудай бизди кайда жүрбөйлү угат. Сыйынууларды биз каалашыбызча айтышыбыз мүмкүн. Кудай эч качан, мисалы мага, беш жолу мага сыйынасың же мага чиркөөгө келип сыйынасың деп айткан жок. Икондун ичиндемин деп айтылган жок. Ыйса өзү айткан. Кудай – бул рух. Кудайга табынган адам – рухта жана чындыкта табыныш керек деген сөз бар. Ошон үчүн адаттык – кудайдан эмес.

К.: - Улуу сөздөн ылдый түшөлүчү. Сүйөрбек, курагыңыз жаш, жигит кезиңиз экен. Бул ишенимге кайдан жүрүп келип калдыңыз?

СО.: - Бул ишенимге мен 2000-жылы бир таанышым аркалуу жакшы кабар угуп, ага ишенип, Ыйсаны ошондон бери жүрөгүмө алып жүрөмүн.

К.: - Сиз сыяктуу Кыргызстанда Ыйса пайгамбарга ишенген кишилер барбы?

СО.: - Албетте бар. Мен барып жүргөн чиркөө Ыйсанын жыйыны деп аталат. Ал жыйын эсеби 15-20 миң адамга барып калды. Кыргыз, орус аралаш, Кыргызстан боюнча.

К.: - Сиздер сыйынуу учуру кандай болот? Туруп алып китеп окуйсуздарбы же жетекчиңиздер сиздерге акыл сөз айтып береби? Чокунбайт экенсиңер. Иконго сыйынбайт экенсиздер, анда эмне кыласыздар? Ушуну сүрөттөй кетсеңиз.

СО.: - Илгерки иудеялык ишеним боюнча биз чиркөөгө келип, алар мурда синагогага келишчү эле, башында кудайды даңктап, кийин пастор - чиркөөнүн башчысы бизге китепте жазылган маселелерди талдап берет.

К.: - Кыргызстандын шартында бул мурда болбогон дин - сиздин айтымыңызда ишеним - экен, мунун келечеги барбы?

СО.: - Албетте бар. Эмне дегенде, акылы бар адам түшүнөт. Мына европалык мамлекеттерди алалы. Корей, Америка мамлекеттери эмне себептен ушунча өөрчүп, бүт дүйнөгө белгилүү болуп атышат? Ыйса эмне сурабагыла мен силерге берем деген. Азыркы алдыңкы технология, алдыңкы ишеним, маданият ошол Ыйсага ишенген мамлекеттерде. Ошол эле мусулманчылыкты алсак, Пакистан, Ооганстан мамлекеттери, Индонезияны алсак аларда өнүгүш абдан татаал.

К.: - Балким, сиздерди ушинтип окутаар, бирок менин байкашымча, техниканын өнүгүшү, маданияттын өнүгүшү дагы башка жетишкендиктер, баарыдан мурда, акыл ой илимдеги жетишкендиктерге байланыштуудур. Маселен космоско учуу же темир жолу менен сойлогон поезди ойлоп табуу бул динге деле тийешеси жок, жакшы бир таланттуу инженердин ойлоп тапкан ишинен улам болсо керек. Андай инженер, балким, атеисттир.

СО.: - Муну руханий маселе деп эсептесе болот. Эмне үчүн дегенде кудай айткан: «чыкканыңда киргениңде мен сени менен болом. Эмнени сурасаң мен сага беремин. Эгерде мага табынып, менин ишенимиди күчөтүп жүрсөң мен сенин миң уругуңа дейре батамды беремин», - деген сөзү бар. Мен ошол сөзгө ишенемин.

К.: - Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден тартып биринчи байлыгыбыз – эне тилибиз болуп атат. Ошол ишенимге тартылган кишилер болсо – алар негизинен кыргыздар болот деп ойлойм – бул жерде кандай болот? Сиздерде католиктер сыяктуу байыркы тилде окутасыздарбы же православиедегидей орус тилинде, же ислам сыяктуу араб тилинде окутасыздарбы? Же сиздерде кыргыз тилинде окутууга мүмкүнчүлүк барбы?

СО.: - Кыргыз тилинде жана орус тилинде окутулат. Адамга ыңгайлуу боло турган тилде окутулат, албетте.
XS
SM
MD
LG