Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Жалалабад облусунун 150гө жакын тургуну Иордания мамлекетинде калды


ЖАЛАЛАБАТ. Иордания өлкөсүндө калган Кыргызстандык 192 кишинин 148и Жалалабат облусунун тургундары. Үч автобустагы элдин арасында балдар жана аялдар да бар. Алар уруксатнаамасы болбогондуктан Меке шаарына өтө албай калышкан. Ажылык зыяратына катышпай калган бул адамдар эми умра, кичи ажылыкка катыштыруу өтүнүчү менен Сауд Аравиясына кайрылышкан. Муфтият менен казыят алардын тилегин жүзөгө ашыруу үчүн Араб өлкөсү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындай маалымат 13-февралда облустук казыяттан алынды. Ажылык сапарына облустан 730 адам кеткен. Алардын ичинде бир топ адамдардын зыяратчылыкка барууга уруксат күбөлүгү болгон эмес.




Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 14-февралда Кыргызстандын аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалалабат, Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт. Мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +5...+10 градус.
Таласта түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз +5... +10.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +9...+14 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз 0...-5 градус.
Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз +6...+8 градус.

Күндүн узактыгы 10 саат 30 мүнөт.

Айданбек Акмат уулу, Бурул Сарыгулова

Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG