Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Кыргызстандык автобус кырсыкка учурады


Алматыдан Бишкекке келаткан кыргызстандык чакан автобус 13-февралда түнкү саат үчтө кырсыкка учурап, андан бир өспүрүм каза таап, 15 жүргүнчү Жамбыл облусунун Отар айылынын ооруканасына түшкөн. Алардын ичинен эки баланын абалы оор. Жабыркагандардын баары Кыргызстан атуулдары. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу кыргыз өкмөтүнө маалымдалды жана жабыркагандарга тийиштүү жардам берүү, окуяны иликтөө чаралары көрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG