Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Иран Орусия менен биргелешкен ишкана боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырды


Тегеран менен Москва Ирандын уранын Орусияда байыта турган биргелешкен ишкана жөнүндө сүйлөшмөк. Ирандын ырасмий өкүлү “Москванын планы Тегеран саясатына ылайыкташтырылып, өзгөртүлүшү зарыл” деп билдирди. Орусиянын сунушу Ирандын өзөктүк программасы боюнча талаш-тартыштарды чече ала турган мүмкүнчүлүк катарында каралып келген.
Дүйшөмбүдө бул боюнча Улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан менен АКШ президенти Жордж Буш сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кийин Аннан Иранга “маселени курчута бербей, Батыш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө” чакырды.
Кошмо Штаттары менен Евробиримдик “Иран жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатышы мүмкүн” деген кооптонууларын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG