Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Чаткалга жардам жөнөтүлдү


ЖАЛАЛАБАТ. Ири өлчөмдөгү азык-түлүк, дары-дармек жана күндөлүк тиричиликке зарыл буюм-эмеректер жүктөлгөн кайрымдуулук кербенин өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктүн жоокерлери коштошууда. Чаткалдыктарга багышталган 25 наамдагы жардамдын арасында 20 тонна ун, 6 тоннадан ашык кант, эки чакырымдан ашык электр зымдары бар. Соопчулук жардамды өкмөт алдындагы материалдык ресурстар комитети жиберген. Обулустук, Жалалабат, Сузак, Ноокен, Майлуусу аймактык бийликтери 50 миң сомдук өсүмдүк майы, ун-макорон азыктары менен 15 миң даана электр лампочкасын кошуп жөнөттү. Алабука-Канышкыя унаа жолуна 30 чакырымдык көчкү түшкөндүктөн Чаткал району 24-январдан 10-февралга чейин сырт дүйнөдөн бөлүнүп калган болчу.


Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG