Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Сот Кумтөр ишканасы боюнча арызды карайт


БИШКЕК. 15-февралда Бишкектеги райондор аралык экономикалык соту Жогорку Кеңештин Жетиөгүз районунан шайланган депутаты Кубанычбек Исабеков менен аталган райондун салык инспекциясынын Кумтөр алтын ишканасынын үстүнөн жазган арызын карай баштайт. Бул тууралуу 14-февралда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Депутат Кубанычбек Исабеков менен райондук салык инспекциясы жер салыгын 1994-жылдан бери төлөбөгөн жана айлыкты бийик тоо коэффициенти менен төлөбөй эмгек кодексин бузган деген эки айып менен аталган сотко доо арыз менен кайрылган. Исабековдун буга чейин билдиргенине караганда, Кумтөр ишканасы райондук акимчилик менен келишим түзүп, жер салыгын жайыт жер катары төлөп келген. Мыйзамга ылайык, өнөр-жай объектиси катары төлөгөндө буга чейин казынага дагы 45 миллион сом киреше кирмек.

XS
SM
MD
LG