Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Орловкадагы кырдаал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан иликтенет


БИШКЕК. Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Орловка айылындагы кырдаалды Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлиги иликтейт. Бул максатта 14-февралда министрликтин Өзгөчө кырдаалдарды байкоо, божомолдоо жана уулуу заттардын калдыктарын көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлери жөнөп кетти. Алар Орловкада уулуу заттардын калдыктары бар деп айтылып жаткан жерлерде иликтөө жүргүзүп, андагы радиациянын деңгээлин, уулуу заттардын компоненттери бар же жок экендигин аныкташмакчы. Бул тууралуу ушул эле күнү аталган департаменттин жетекчиси Анаркул Айталиев «Азаттыкка» билдирди. Буга чейин бейөкмөт жана коомерциялык эмес уюмдар Ассоциациясы Орловкадагы тоо-кен комбинатында иштетилген уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайды жергиликтүү калк казып, экологиялык кырсык коркунучу пайда болду деген тынчсыздануусун өкмөткө билдирген.

XS
SM
MD
LG