БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү кечинде Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда негизинен соода-экономика багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Президенттин маалымат кызматынын 14-февралдагы маалыматына караганда, сүйлөшүү учурунда Владимир Путин орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадковго быйыл Кыргызстандан пахта жана тамекини сатып алууну камсыздоо милдетин тапшырган. Мындан мурдараак кыргыз президенти Орусия жетекчилигине 10 миң тоннага чейинки пахта буласын жана наркы 100 миллион рубльдан ашык даяр тамеки продукциясын сатып алуу өтүнүчү менен кайрылган. Орус өкмөтү быйыл бул сатып алууну толук көлөмдө ишке ашырууга ниеттенип жатканын билдирүүдө.