Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

Президент Бакиев: күч структуралары экономикага кийлигишпейт


Бишкек. 14-февралда өкмөт жыйынында 2005-жылдагы экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2006-жылга коюлган маселелер белгиленди. Жыйында каржы министри Акылбек Жапаров өткөн жылы макроэкономикалык туруктуулук сакталгандыгын, негизги экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөбөгөндүгүн жана экономикалык кризиске жол берилбегендигин башкы жетишкендик катары сыпаттады. Ал эми президент Курманбек Бакиев 2006-жылы ички дүң продуктунун 8 пайызга өсүшүн камсыздоо маселеси тууралуу айтты. Өлкө башчы белгилегендей, быйыл бажы органдары бюджетке кошумча 700 млн сом топтошу керек. Ал эми тартип коргоо органдарын реформалоонун негизинде алардын экономикага кийлигишүү функциялары жоюлат. Быйыл ошондой эле өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүүгө башкы көңүл бурулмакчы.

XS
SM
MD
LG