Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Саясий ишмердин өлүмүнө бийликти күнөөлөшүүдө


Казакстандагы оппозициячыл “Нагыз Акжол” партиясы өз лидери Алтынбек Сарсенбаевдин күтүүсүз өлүмүнүн артында казак бийликтери турат деп айыптады. Ок тийип жан берген Сарсенбаевдин, жанындагы айдоочусу жана жансакчысынын сөөгү кечээ Алматынын чет жагынан табылган. “Акжол” партиясынын теңтөрагасы Болат Абилов бүгүн кабарчыларга маркум Сарсенбаев жана жанындагы эки киши колдору артына байланып, аркасына жана башына ок жеп өлгөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG