Эскерүү иш чарасына 500 миңдей адам катышты. Бейрутта улуттук байракты желбиреткен 500 миңдей киши былтыр жардыруудан каза тапкан экс-премьер Рафик ал-Хариринин жылдыгын белгиледи. Былтыр 14-февраль күнү Хариринин өлүмүнө алып келген окуядан кийин Сирия 3 жылдан бери Ливанда кармаган аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болгон. Хариринин өлүмүнө байланыштуу Улуттар уюмунун иликтөөсү маалында Сириялык жетекчилер менен алардын Ливандык өнөктөштөрүнүн ысымдары аталган. Дамаск бул айыптоолорду четке кагууда.