Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башчысы Николай Бордюжа 16-февралда президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, уюмдун июнь айына белгиленген сессиясына даярдык, региондогу кырдаал тууралуу пикир алышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан 15-февралда кабарлашты. Николай Бордюжа менен кошо Кыргызстанга Россиянын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Юрий Зубаков да келмекчи. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларусь, Армения мүчө.