Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Кыргызстанда паспорт маселеси чечиле баштады


Өткөн жылдын декабрь айынан бери 40 миңдей кыргыз атуулу жаңы паспорт менен камсыздалды. Ал эми жаңы паспорт алууга арыз бергендердин саны 47 миң киши. Бул тууралуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча агенттиктин башчысы Амангелди Кенжетаев 15-февралда билдирди. Анын айтымына, караганда, 500 миңдей атуулга паспорт керек. Алардын талабын аткаруу боюнча Молдованын «Регистру» компаниясы менен иштер жүрүп жатат. «Регистру» жасаган 2004-жылкы үлгүдөгү паспортто мамлекеттик символдорду чагылдырууда так эместиктер болгон менен, ал паспортту бардык чет өлкөлөр тааныйт. Ал эми паспорттун жаңы үлгүсү жакынкы айларда иштелип чыгат. Андан кийин ал чет мамлекеттерде легалдаштырылыш керек.

XS
SM
MD
LG