БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев Феликс Кулов экөөнүн ортосундагы мамилени карама каршылык деп атабайт, бирок анын 5 жыл камакта жатканын эске алуу керек деп ойлойт. Мындай пикирин Президент “Коммерсантъ” гезитине берген маегинде билдирди. “Абакта жатып кырдаалды бирөөлөр аркылуу билген башка, ал эми баарын өз көзүң менен көргөн таптакыр бөлөк нерсе” дейт мамлекет башчы. Президенттин айтымында, өкмөт башчы экөөнүн ортосунда кээде түшүнбөстүк болот, бирок акыр бир пикирге келишет. Кулов- Бакиев тандеми жөнүндө айтып жатып, бул Феликс Кулов тараптан түшкөн сунуш деп белгилейт. “Мен түндүк- түштүк маселеси курчуп кетпесин деп макул болгом”,- дейт президент.