Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:30

К. Байболов: “Курал-жарак бизнеси гүлдөп жатат”


БИШКЕК. Учурда бизнес чөйрөсү март айында кайра тополоң болуп кетсе өзүбүздү өзүбүз коргойбуз деп курал- жарак сатып алышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов “АКИпресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, башкалаадагы мергенчилик дүкөндөрдүн ээлери Кыргызстанда курал-жарак бир канча эсе өтүмдүү болуп калганын айтышууда. Кубатбек Байболов өзү да учурда автоматчан жан сакчылар менен жүрүп калгандыгын билдирди. Бишкектеги “Мергенчи” дүкөнүнүн директору Николай Ярцев Азаттыкка курал- жарактардын өтүмдүүлүгү жогорулаган жок деп билдирди. Анын айтымында, март ыңкылабындагы тополоңдо мергенчилик дүкөндөрдө кардарлар бир кыйла көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG