Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

“Кумтөргө” каршы доо арызды сот карай баштады


БИШКЕК. Бишкек шаардык район аралык экономикалык сотунда Кумтөр оперейтинг компанинин үстүнөн берилген доо арыз карала баштады. Анда арыз берген тараптан ЖК депутаты Кубанычбек Исабеков, Жетиөгүз райондук акимчилигинин өкүлү Бейшенов катышты. Депутат Исабеков канадалык компания мамлекеттик казынага 47 миллион сом жер салыгын төлөгөн эмес деп билдирди. Кумтөр оперейтинг компани 1994- жылы Жети өгүз райондук акимчилиги менен келишим түзүп, 10 миң гектардан ашык жерди ижарага алган. Ошондой эле 13 жылдан бери жер акысы катары 300 миң сом гана төлөгөн. Бирок канадалык компаниянын ыйгарымдуу өкүлү Владимир Чернышов доо арыз берген тараптын айткандарын четке какты. Бул сот жараяны 16- февралда улантылат.

XS
SM
MD
LG