Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:24

Бажыдагы коррупцияны атайын комиссия иликтеп жатат


БИШКЕК. Атайын түзүлгөн комиссия Мамлекеттик бажы инспекциясынын ишинде бир топ мыйзам бузууларды тапты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Комиссия бажы кызматкерлерин бир орундан башка орунга обу жок которуу, бажы органдарына жумушка алууда мыйзам бузууларга жол берүү, тигил же бул кызматка дайындоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу өңдүү тартип бузууларды аныктады. Бул тармакта коррупция күчөдү деген парламент депутаттарынын билдирүүлөрүнөн улам Өкмөт башчы Феликс Кулов 2005- жылы 26- декабрда атайын комиссия түзгөн. Учурда комиссия өз ишин жыйынтыктай элек, анын ишиндеги бардык маалыматтар түз президент Курманбек Бакиевге жөнөтүлүп турмакчы.

XS
SM
MD
LG