Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

АКШнын мамкатчысы “Иран өзүн-өзү дүйнөдөн бөлүп жатат” деп эсептейт


“Иран уранды кайра байытуу ишин баштоо менен эл аралык коомчулуктун ачык каршылыгын жаратты”, - деп эсептейт Кошмо Штаттардын мамкатчысы Кондолиза Райс.

- Эч ким Ирандын элин же тынчтык максаттагы өзөктүк кубат күчүн көзгө илбей коюну каалаган жок. Иранга маселени чечүү үчүн көптөгөн сунуштар айтылды. Бирок алар өздөрүн өздөрү обочого алууну чечишти, - деди Кондолиза Райс шаршембиде Сенаттын эларалык мамилелер бөлүмүндө сүйлөгөн сөзүндө.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранды уран байытуу менен байланышкан бүт аракеттерин токтотууга чакырды.
Анын аралыгында Ирандын Коргоо министри шаршемби күнү “Иран анын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү сырткы күчтөрдөн өзүн коргой алат”, - деди.
Батыш ушу тапта “Тегеран жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатышы мүмкүн” деген кооптонууларын билдирүүдө. Иран, өз кезегинде, буларды төгүндөп келатат.

XS
SM
MD
LG