Полициянын айтымында, арак-шарап саткан дүкөнгө чукул жерде колбомба жарылган,курман болгондор негизинен мектепке бараткан балдар дешет. Мындан тышкары Багдадда буктурмадан эки автомашина аткыланып, эки полисмен окко учту. Ал эми түштүктөгү Басрада британиялык аскери базада иштеген жергиликтүү үч кызматкерди ким бирөөлөр үйүнөн кармап кетишти.