Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Депутат Байболов аны каралаган маалыматтын булагы катары Президент администрациясын көрсөттү


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов «АКИпресс» форуму аркылуу таркатылган жалган маалыматка Ак үйдүн тиешеси бар экендиги дагы бир жолу тастыкталды деп 16-февралда журналисттерге билдирди. Депутаттын айтымында аны каралоо максатында жазылган маалыматты «Кабар» аркылуу таркатууну президенттин маалымат катчысы сунуштаганы жөнүндө ушул агенттиктин баяндамачысы Альберт Богданов айтып чыккан. Президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов бул маалыматты ушул эле күнү төгүндөдү. Ал депутатка жалган маалымат жеткирип аны жаманатты кылгандыгы үчүн баяндамачы Альберт Богдановду сотко берерин билдирди. «Кабар» агенттигинин директору Кубан Таабалдиев өз кезегинде чуулгандуу маалыматтын таралышына агенттиктин тиешеси жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG