БИШКЕК. 16-февралда президент Курманбек Бакиев Бишкекке бир күндүк иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Жолугушууда тараптар уюмдун июнь айында Минскиде өтө турган сессиясында карала турган маселелерди, аймактык коопсуздукту талкуулашты. Бордюжа сапарынын соңунда сүйлөгөн сөзүндө стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо уюмдун башкы максаты экенин белгиледи.