Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Жогорку Кеңештин депутаты «Кумтөр голд компани» ишканасын сотто утуп алды


БИШКЕК. Шаар аралык сот «Кумтөр голд компани» ишканасына берилген доо арызды карап, маселени доогер тараптын кызыкчылыгына чечти. Сотко Жетөгүз райондук администрациясы менен Жетөгүз округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков берген. Алар сотко ишканадан жер салыгы үчүн 45 миллион 591 миң сом өндүрүп берүүнү сурап кайрылышкан. Арыз берген тараптын негиздемесине караганда, ишкана өзү ээлеп турган Жетөгүз районунун аймагындагы 10 миң 70 гектар жердин жарымына 1994-жылдан бери салык төлөбөй келген.

XS
SM
MD
LG