Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Жогорку Сот Өзбекстандык эки атуул боюнча шаар чечимин күчүндө калтырды


БИШКЕК. 16-февралда Жогорку Сот Анжиян окуясында ооп келген өзбекстандык атуулдар Жахангир Максутов менен Одилжан Рахимовго качкын макамын берүү жөнүндө «Адилет» коомдук фондусунун арызын орундатпай четке какты. Бул жөнүндө мурда чыккан Бишкек шаардык сот чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин ишти Бишкек райондор аралык соту карап, арыздануучу тараптын кызыкчылыгына чечкен. Муну шаардык сот жокко чыгарган.
Кыргызстандын миграция департаменти өзбекстандык төрт адамды өз өлкөсүндө оор кылмыш жасады деп санап, качкын макамын берүүдөн баш тарткан. «Адилет» уюму эми калган өзбекстандык эки жарандын укуктарын да сотто коргоону көздөөдө. БУУнун качкындар комиссарлыгы тарабынан качкын мандаты берилген бул төрт адам учурда Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында отурушат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG