Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Грузия менен Орусия ортосундагы чатак курчуп баратат


Грузиянын конфликттерди чечүү маселелери боюнча министри Георгий Хаиндрава бүгүн Маскөөгө үч күндүк сапар менен келди жана Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө. Грузия парламенти кечээ күнү - 1992-жылы Маскөө менен Тбилиси ортосунда түзүлгөн келишимди кайра кароо боюнча сунуш киргизген. Хаиндраванын айтымында, өкмөт бул тапшырманы аткарыш керек: "Грузия коому Грузия парламентине тапшырма берген жана парламент аны аткарды. Эми биз парламент бизге койгон тапшырманы аткарыш керекпиз. Абал толук түшүнүктүү. Эл аралык тажрыйба жана эл аралык мыйзамдар боюнча талкуу күн тартибине бул маселени коюп, аны аткарууга бизде укуктук толук негиз бар", - деди Хаиндрава 15-февралда. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин айтымында, 1992-жылдагы келишимден Грузия бир тараптуу чыгып кете албайт жана мындай чечим менен Тбилиси Кавказдагы абалды бейстабилдештирет.

XS
SM
MD
LG