Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Евробиримдик Грузиядагы чатак тынч жол менен чечилишин жактайт


Европа биримдиги дагы бир жолу Грузиядагы конфликт тынчтык жолу менен чечилишин жактай турганын билдирди. Бул тууралуу Евробиримдиктин жетекчилеринин бири Бенита Ферреро-Вальднер бейшембиде Тбилисиде грузин президенти Михаил Саакашвили менен жолугушкандан кийин айтты.
Ошол эле күнү Грузиянын мамлекеттик министри Георгий Хаиндрава Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алардагы башкы тема – Грузиядагы орусиялык тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн абалы. Ушул аптада грузин парламенти орусиялык аскерлер өлкөдөн чыгып кетишин жактай турганын билдирген. Бүгүн Москвада бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр улантылат.

XS
SM
MD
LG