Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:36

ДЫЙКАНДЫ - АКЧА , ӨКМӨТТҮ - КАРЫЗ ОЙЛОНТУУДА


Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кеминде 10 миллиард ашуун сом талап кылынат. Каржы уюмдарынын дыйкандарга бөлгөн кредити 1 миллиарддан бираз ашкан акчаны түзөт. Өкмөт Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясын менчиктештирип, анын ордуна айыл өкмөттөрүндө банк уюштурууга кызыкдар.

1997-жылы кыргыз өкмөтү эларалык каржы уюмдарынан алынган 44,5 миллион долларды сарптап, Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясын түзгөн. Экономика жана каржы министринин орунбасары Тажикан Калимбетованын ырасташынча, карыз акчалар кыйла эле жеңилдетилген шартта берилген.

- 44 миллион доллар карыз акча алынган. Бирок булардын үстөк пайызы аябай эле төмөн, 40 жылга берилип, анын 10 жылы жеңилдетилген шартта төлөнөт. Өкмөт башчынын буйругу менен президенттин социалдык фондуна, өзүнүн фондуна 35,3 миллион сом акча которулуп кеткен. Бул кыйла эле чоң акча.

Кыргыз айыл чарба корпорациясы иштеп тапкан пайданы кайда жумшашты буга чейин өкмөт өзү чечип, кирешенин 35 миллион сомун мурдагы президенттин социалдык фондуна которуп жиберген. Казыналыкты кыйгап өткөн ал акчаларды А.Акаев эмнеге жумшаганы эмдигиче белгисиз. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Токтомамбетов Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы өткөн жылдын аягынан бери гана өкмөттүн колуна өттү, ага чейинки иштери бизге белгисиз дейт.

- Эмне үчүн КСФКны менчиктештирүү маселеси бүгүн коюлуп жатат? Коюлганынын себеби – мына 1997 жылдан бери кредиттик мекеме катары иштеп келатат. Биздин алдыбызга коюлган милдет - КСФКны айыл банкына которуу. Айыл жеринде анын филиалдары иштесин. 44 миллионго жакын доллар кредит алган. Мына бүгүнкү күндө кредитти кайтара турган убакыт келип калды. 10 миллиардга жакын сом айыл жергесинде жашаган фермерлердин кредит муктаждыгын түзөт. Ал эми былтыр болсо кредитке 1 миллиард 200 миллион сом гана бере алдык. Бүгүн керектөөнүн 12% гана жаап жатабыз. Башкаруу системасын укпадыңарбы, премьер-министрдин буйругу менен бюджетке түшө турган акчаны бөлүштүрүп жиберишкен. Бул мыйзамга каршы маселе.

Корпорация тарабынан берилген кредит акчалардын кайтарымы 97% чейин чыгып, иши кыйла эле ийгиликтүү жүрүшүнүн бир себеби карыз акчанын үстөк пайызынын арбындыгына байланыштуу. Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Болот Шерниязовдун айтуусунда, алгачкы жылдары корпорациянын дыйкандарга берген кредитинин үстөк пайызы 32 – 33төн төмөн түшпөй турган.

- 33% алган дыйкандардын канчасы банкрот болду? Канчоосу үйүн жоготту? Үйүн сатышты, көчөдө калышты. Анан айтышат «биз мынча киреше бергенбиз, анча пайда келтиргенбиз» деп. Кимдин эсебинен ал кирешелер?

Бөлүнгөн акчаны учурунда кайтарып алып дурус иштеп аткан каржы мекемесин жеке менчикке өткөрүү демилгесин өкмөт өзү көтөрүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Т.Токтомамбетов мамлекет ишти мыкты уюштура албайт, ошондуктан корпорация акцияларынын кыйла бөлүгүн жеке колго берүү керек деп эсептейт.

- Акционердик коомдун уюштуруучусу жалгыз эле өкмөт болсо анда сөзсүз тартип бузуулар боло берет. Эгерде инвестор кирсе, мейли ал акциянын 49% же 15 – 20% ээ болсун, жанагындай өзүм билемдикти эч качан жасатпайт.

Парламенттин Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибековдун айтымында, дурус иштеп аткан корпорацияны жеке колго өткөрүүнүн кажаты жок. Анын ордуна өкмөт кыргыз почтасынын жергиликтүү бөлүмдөрүн пайдаланып, ошого айыл банкын уюштуруу туура болмок.

- Жакшы иштеп аткан мекемени даярдап коюп сатып ийиш бул Кудайга да жакпайт. Мындай бир сунуш киргизип жатабыз, айылдык банк түзөбүз деп бакырганыбызга 2 жыл болду. Кыргыз почтасынын айылдагы инфраструктурасын колдонуп, КСФКнын финансылык портфелин – мүмкүнчүлүгүн колдонуп, экөөнүн негизинде мамлекет айылдык банкты түзсүн деп жатабыз. Бүгүнкү күндө муну эксперттер 15 – 20 миллион доллардын тегерегинде сатылат деп жатышат. А калганын ким төлөш керек?

Айылдагы малчы-дыйкандарга үстөк пайызы аз, узак жылдарга эсептелген кредит берүү зарылдыгы кыйладан бери айтылып келатат. Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин жаңы өкмөт ар бир айыл өкмөтүндө бирден банк бөлүмүн ачуу аракетине киришерин айтып келди. Улуттук банктын төрагасы У.Сарбановдун ырасташынча, айыл банкына айландырылчу Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын уставы мыйзамга кайчы келгендиктен маселенин чечилиши кечеңдеп кетти. Ага чейин кредит алгысы келгендер жол арытып район борборуна, арбыныраак акча болсо башкалаага каттап, кыйла убакты-саатын коротуп жүрүшкө мажбур.
XS
SM
MD
LG