Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы менчиктештирилеби?


БИШКЕК. 17-февралда Жогорку Кеңеште Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясын менчиктештирип, анын ордуна айыл банктарын уюштуруу маселеси талкууланды. Мындай демилге өкмөт тарабынан көтөрүлдү. Жыйында маалымдалгандай, Корпорациядан түшкөн кирешенин ичинен 35 млн сом мурдагы президенттин социалдык фондуна которулган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Токтомамбетовдун айтымында финансы корпорациясы өткөн жылдан тарта эле өкмөттүн карамагына өттү. Ал эми каржы уюмунун ага чейинки иштери белгисиз. Токтомамбетов белгилегендей, корпорациянын ишмердүүлүгүн жакшы уюштуруу үчүн анын акцияларынын 49 пайызын сатуу керек. Ал эми парламенттин бир катар депутаттары болсо, корпорацияны жеке колго өткөрүүнүн кажети жок деген көз карашта.


18-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 18-февралда күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында, ал эми түнкүсүн Ош, Жалалабат, Баткен облустарында жаан-чачын болот. Тоолорго кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз +5...+10 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +5...+10 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн -11...-16, күндүз -5...-10 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +8...+10 градус болот.

Айданбек Акмат уулу, Азиза Турдуева, Бишкек

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG