БИШКЕК. Ош облусунун Алай районундагы Көкташ айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду. Бул чөлкөмдөгү жер кыртышынын бир метрге ордунан жылганы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Министрлик аймакты иликтөөгө алууда.