БИШКЕК. 15-февралда Бишкекте Адиль Тойгонбаевдин жардамчысы Данияр Джалишев кармалды. Учурда ал Чүйдөгү Ысыката районунун ички иштер бөлүмүндө убактылуу абакта. Ага 2005-жылдын март айында Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан издөө жарыяланган. Джалишевге башка бирөөнүн ири көлөмдөгү мүлкүн өзүнө ыйгарып алган деген кине койулууда. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2002-жылы Данияр Джалишев Канттагы цемент-шифер комбинатынын акцияларын аукцион аркылуу сатууну уюштуруу боюнча комиссиясынын төрагасы Бактыбек Эмилбаев менен өз ара сүйлөшүп алып, комбинатты арзан баада сатып алган. Эмилбаев ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 27 млн сом зыян келтирген. Канттагы цемент-шифер комбинаты алды менен каралган 30 млн сомдун ордуна 3 млн сомго сатылган. Джалишев 2002-2003-жылдары эле комбинаттын акцияларынан дивиденд иретинде 34 млн сомдон ашуун киреше алган.