Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Улан Сарбановго байланыштуу сот иши башталат


БИШКЕК. Мурунку президент Аскар Акаевге 400 миң доллардан ашык акчанын берилиши боюнча ишти Биринчи май райондук соту 22-февралдан тарта карай баштайт. Бул тууралуу ишти карай турган судья Эсенжан Абылкасымов 17-февралда билдирди. Аскар Акаевге бюджеттик каражатты накталай акчага айлантып берүү менен ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү уурдоого жол берген деп, Улуттук банктын азыркы төрагасы Улан Сарбанов, президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов баш болгон беш кишиге айып коюлууда. Тергөө иштерин Башкы прокуратура өткөн жылдан бери жүргүзүп, январь айында сотко өткөрүп берген эле.

XS
SM
MD
LG