Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Казак саясатчынын өлүмүн иликтөөгө АКШ жардам берет


Казакстандын ички иштер министри Бауржан Мухамеджанов оппозициячыл саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин киши колдуу өлүмүн иликтөөгө АКШнын Федералдык иликтөө бюросу жардам берээрин маалымдады. “Нагыз Ак жол” партиясынын лидери Сарсенбаевдин колу артка байланып, ок тийген сөөгү апта башында Алматынын чет жагында табылган. Министр Мухамеджанов бул ишти иликтөөгө ФБРдин катышуусу тергөөнү ачык-айкын болорун кепилдейт деп белгиледи. Казакстандын тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев маркум Сарсенбаевдин өлтүрүлүшү саясий иш катары каралышы керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG