Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Израил «Хамас» уюмуна каршы көрүлчү аракеттерди талкуулап жатат


Израилдин премьер-министринин милдетин аткаруучу Эхуд Ольмерт бүгүн коопсуздук жыйынында Палестинада урушчул “Хамас” уюму үстөмдүк кылган жаңы парламент ырасмий түрдө ишке киришкен соң ага каршы көрүлчү аракеттерди талкуулап жатат. Айрым кабар агенттиктери билдиргендей, Израилдин аскердик жетекчилери Газа тилкеси менен Иордандын батыш жээги ортосундагы байланышты татаалдаштырып, палестиндердин Израилде иштөөсүнө тыюу салууну сунуш кылууда. Палестин парламенти ишембиде ант берип, ишке киришет.

XS
SM
MD
LG