БУУнун баш катчысы Кофи Аннан АКШ чет өлкөлүк туткундарды кармаган Гуантанамодогу түрмөсүн тез арада жабышы керек деп билдирди. Жакында Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясы жарыялаган докладда Гуантанамодогу абакта отургандардын укуктары басмырланып жатышы ыктымал деп айтылган. Вашингтон Аннандын пикирин четке кагып, Кубадагы абакта кооптуу террорчулар камалганын жана аларга карата адамгерчиликтүү мамиле жасалып жатканын билдирди. Жума күнү Британиянын премьери Тони Блэр да бул маселеге кайрылып: “Мен буга чейин да айтып келгендей, Гуантанамодогу абак – түшүнүксүз көрүнүш, эртеби-кечпи бул маселе чечилиши керек”, - деп билдирди.